
4 episodes

Азаттык-70 ЭЕ/АҮ
-
- Society & Culture
2023-жылы “Азаттыктын” түптөлгөнүнө 70 жыл толот. Бул подкастта радионун Кыргызстандын жана анда жашаган элдин эркиндиги жана укуктары үчүн кошкон салымы, эгемен өлкө башынан кечирген урунттуу окуяларды чагылдыруудагы ролу тууралуу уга аласыз.
-
Молдокасымов: "АКШ "Азаттыкка" эч убакта кыргызга каршы тапшырма берген эмес" - Январь 27, 2023
31 жылдан бери “Азаттык” Кыргызстанда иштеп келатат. 70 жылдык тарыхы бар радионун Бишкек бюросу азыр “Азаттык Медиа” катары иштеп жатат. “Азаттыктын” 70 жылдыгына карата Бишкек бюросун 1998-2005-жылдар аралыгында жетектеген тарых илимдеринин кандитаты Кыяс Молдокасымов менен маектештик.
-
Түгөлбай Казаков: "Эл жалгыз "Азаттыкка" таянып калган" - Январь 24, 2023
““Азаттыктын” Кыргызстанга келгенинин өз тарыхы бар. Ага себепчи болгон инсан бул жолку мейманыбыз. Түгөлбай Казаковду биз мыкты композитор, обончу, жазуучу, публицист катары билебиз. Бирок, Түгөлбай Казаков “Азаттыкты” кыргыз жергесине алып келүүгө түздөн түз салым кошкон.
-
Кадыралы Конкобаев: "КГБ артымдан көпкө аңдып жүрдү" - Январь 24, 2023
Быйыл 18-мартта "Азаттыктын" обого чыкканына 70 жыл толот. Филология илимдеринин доктору, профессор, түрколог Кадыралы Конкобаев - "Азаттык" үналгысынын Кыргызстандагы алгачкы кабарчысы. Радиодо ал 1980-жылдардын аягы 1990-жылдардын башында иштеген. Аны менен Бишкек студиясында маектештик.
-
"Азаттык" радиосуна 70 жыл - Январь 20, 2023
2023-жылдын 18-мартында “Азаттык” радиосу обого чыга баштаганына 70 жыл толот. Бул подкастта "Азаттыктын" тарыхы, радионун Кыргызстандын жана анда жашаган элдин эркиндиги жана укуктары үчүн кошкон салымы тууралуу кеп кылабыз.