
8 episodes

Жашыл планета ЭЕ/АҮ
-
- Education
Интернет менен роботтун заманында аба булганып, климат өзгөрүп жаткан маалда Жашыл пленатаны кантип сактап калабыз. Табият менен аяр мамиледе болуп, өзүбүз жашаган аймактын экосистемасына кам көрүп, туруктуу өнүгүүгө кантип салым кошобуз?
-
Жайлоонун камын ким көрөт? Жасалма мөңгү, төрт түлүк, климат - Январь 30, 2023
Нарындын Кочкор районуна караштуу Чолпон айылынын тургуну Урмат Өмүрбеков жайыттарды коргоого жан үрөп жүргөн экоактивист. Ал соңку жылдары жайыттардын такырайып кеткенин иликтеп, экологиялык бул көйгөйдүн алдын алуунун камын көрүп жүрөт.
-
Geos: Отун жакпаган, абаны булгабаган конуш - Январь 24, 2023
Кадимки отун жана газ жакпаган, зыяндуу заттарды айлана- чөйрөгө такыр бөлүп чыгарбаган конуш бар. АКШнын Колорадо штатындагы Geos конушун экоактивисттер, жашыл энергиянын жактыргандар, окумуштуулар жана курулуш жаатында иштеген адистер негиздеген. “Азаттыктын” кабарчысы жашыл конушта болду.
-
"Түтүн": Ыш уулаган жүрөктө кайсы сүйүү? - Январь 18, 2023
Бишкектеги ички миграция, башаламан курулуш, жаңы конуштар жана таштанды полигону... Сүрөтчү, режиссер, архитектор Шайлоо Жекшенбаевдин "Түтүн" аттуу көргөзмөсүндө мына ушул көйгөйлөр ар кыл өңүттөн чагылдырылган.
-
Базарда сатылган кызыл колтук бака тукум курут болуп баратат - Январь 12, 2023
Бишкектеги базарларда табышмактуу жагдайда кармалып, кургатылып, тутамдап сатылып жаткан уникалдуу кызыл колтук баканын "Кызыл китепке" киргенин баарыбыз билбейбиз. Тукум курут болуп бараткан кызыл колтук баканы сактоо эмне үчүн маанилүү? “Жашыл планета” түрмөгүнөн угуңуз.
-
Кунарсыз талааны кулпунткан сөксөөл - Декабрь 26, 2022
Кыргызстанда кунарсыз жерлердин жалпы аянты 500 миң гектар. Анын көбү Баткен облусунда. Бир нече жылдан бери токойчулар мындай боз талааларга жан киргизүү үчүн сөксөөл бадалдарын тандап алышкан. “Жашыл Планета” түрмөгүндө сөксөөл талаалары, токойчулардын эмгеги, тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз.
-
Таштандыны суперкомпьютер иргеп, жарык чыгарат - Декабрь 05, 2022
Канткенде таштандыны полигонго жеткирбей толугу менен жок кылса болот? “Жашыл планета” түрмөгүндө Нидерланддын баш кааласы Амстердам шаарынын таштандыны иштетүү тажрыйбасы тууралуу айтып беребиз. Кабарчыбыз Сабыр Абдумомунов бул калаадагы таштандыларды кайра иштетүүчү AEB ишканасына барып келди.