61 episodes

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.

Кажы-Куж‪у‬ Контентчи

    • Leisure

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.

    #60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

    #60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

    Мазмуну
    0:06 Жаныбек Мукаштан подкаст башы
    0:25 Дастан Биримкулов. Кесиби жана өзү жөнүндө.
    1:22 Музыка дуйнөсү, адамдар музыканы эмне себептен үйрөнүүсү керек? Музыка адам баласына эмнеге керектелет? Классикалык музыканын мааниси жана таасири?
    6:50 Кыргызстандык музыкант кантип өз потенциалын колдонуп каражат тапса болот? Монетизация жасоонун жолдору, түрлөрү. 12:23 Бишкек шаарында музыканттар эмне себептен көчөгө өз алдынча чыгып эл астында ойношпойт? Жакшы идеянын жарыяланышы.
    19:49 Техникалык кыйынчылыктардын башка дагы кандай кыйынчылыктар бар? Жаш курагы ортолоп калган адамдар музыкалык аспаптарын үйрөнүү мүмкүнбү? Кандай талаптар бар?
    22:13 Кыргыз музыкалык аспаптары канча түргө бөлүнөт?
    23:51 Дастан мырзадан угармандарга эки кеп сөз.
    25:18 Жакын арада пландалып жаткан концерттер тууралуу. Жергиликтүү автордук музыканы колдоо көйгөйү. Таланттуу жергиликтүү композиторлордун ийгилиги эмнеден көз каранды?
    30:34 Кыргыз искусство адамдарынын жеке портфолио түзүү темасы. Колдонулуп жана кетирип жиберген мүмкүнчүлүктөр, контент жаратуу, жеке бренд түзүүдө маркетингдин орду.
    45:20 Элдин музыка маданиятына болгон көз карашынын европалыктар менен кыргыздардын айырмачылыгы эмне себептен келип чыккан?
    50:18 Подкасттын соңу.

    • 50 min
    #59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары

    #59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары

    Мазмуну
    0:12 Азамат Токтакуновдон саламдашуу
    2:16 Тааныштыруу. Махабат Садырбек
    3:33 Чөйрөнү жасоодо бир нече этаптардан кийин, универсалдуу бир платформа жасоо аракетинин жыйынтыгы кандай болду? Чөйрөнүн азыркы варианты кандай?
    06:54 Тааныштыруу. Азамат Жаманкулов
    07:34 Келечек Дижитал командасында иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрөнүн идеясына кандайча ишенип кошулуп калдыңар? Бишкекте Чөйрөнүн идеялары кандай кабыл алынып жатат
    12:23 Тааныштыруу. Гулира Калыкова
    12:50 Стамбулда туруп иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрө платформасы иштерди кандай алып барып жатат?
    16:59 Тааныштыруу. Мээрим Абдрахман кызы.
    17:20 Чөйрөчүлөрдүн долбоорлордогу ички процесстери кандай жүрүп жатат? Өз тажрыйба таржымалы кандай?
    24:33 Азамат Токтакуновдун Чөйрө платформасын жасап, иштетүүдөгү тажрыйбасы. Чөйрөнүн келечеги кандай болуш керек? Чөйрөнү ким үчүн жасап жатабыз? Чөйрөнү өнүктүрүүдө кайсы нукка бурулуусу керек?
    35:15 Чөйрө платформасын жаңы кошула турган жаратмандарга кантип жеткире алабыз? Эл арасына кандай кадамдар менен жайылта алабыз? Ушул жолдогу кийинки кадамдарыбыз кандай болуусу керек?
    35:35 Чөйрө платформасы бул жеңил, көңүл ачуучу жер эмес, тескерисинче оор салмактуу, иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан жаратмандар болгон жер.
    49:32 Кызыктуу маек, кызыктуу подкасттын соңу.

    • 49 min
    #58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

    #58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

    Мазмуну

    0:08 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Жер жүзүнүн төрт бурчунан коноктор менен ITнин келечеги, кандай иштер жасалды жана дагы кандай иштер болот? Келечек, Чырак долбоорлору бүтүп, кандай жыйынтыктар болду?
    1:17 Тааныштыруу. Сейитбек Усманов
    2:12 Getforce буткемптин идеясы кайдан келип чыккан? Кандай жыйынтыктар болду? Азыр кандай иштеп жатат жана кийинки пландар кандай?
    4:56 Getforceтун пландары тууралуу кененирэээк маалымат. Дагы башка идеялар жана долбоорлор тураалуу? Бакыт Абдишов, Али Токтакунов менен коллаборациялар эмне жонундо?
    8:39 IT окутуу идеясы кандайча келип чыкты?
    9:14 Тааныштыруу. Бакыт Абдишов
    10:07 Сейитбек Усманов жана Тимур Моун менен таанышуу. Келечек долбоорунун идеясынын жаралуусу. Келечек долбоорунан жыйынтыктар.
    14:54 Тааныштыруу. Тимур Моун
    15:40 Келечек, Чырак, IT классика долбоорлорунан кийин азыр, келечекте кандай иштер пландалып жатат?
    26:10 Чөйрө долбоорунун иштери. Чөйрөчүлөр жана долбоорлор. Эми кандай иштерди жасоо мүмкүн? Долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору?
    32:58 Айдана Омурбаеванын Tech talk каналынын кыргызстандыктарга болгон пайдасы, ютуб видеолорунун салымы чоң болду. Дүйнөнүнүн төрт бурчунан менторлордун жардамы кыргызстандыктардын жашоосунун өзгөрүүсүнө салымы чоң. Маалымат таратуунун пайдасы.
    40:32 Жылдыз академиясынын кийинки пландары кандай? Дагы бекер IT окутуу долбоорлору болобу?
    52:13 IT темасы тууралуу эң эле ачык подкасттын соңу.

    • 55 min
    #57 Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

    #57 Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

    Мазмуну

    0:05 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Германияда кыргыздарга уюм түзүү кереги барбы? Германияда кыргыздардын 16 уюму бар, уюмдар кандай иш алып барат жана алардын максаттары кандай?
    0:58 Тааныштыруу. Гүлмайрам Чигдем.
    1:33 Жаңы түзүлгөн “Мурас” кыргыз-казак-герман уюму жана ал кандай иш алып барат? Уюмдун максаттары кандай?
    6:55 Кыргыз-Герман ИТ уюму.
    7:35 Тааныштыруу. Эркин Карымшак.
    8:12 Кыргыз-Герман ИТ уюму кандай максатта түзүлдү? Дагы бир уюм түзүү кереги бар беле? Кандай долбоорлор жасалып жатат? Башка уюмдардан айырмасы кандай?
    13:20 Кыргыз Гамбург уюму.
    13:39 Тааныштыруу. Адилет Шаршекеев.
    14:09 Кыргыз Гамбург уюму түзүлөбү? Азыркы статусу кандай? Уюмдун тарыхы кандай?
    17:24 Уюмдардын мындан кийинки максаттары кандай? Кандай көйгөйлөр бар, сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Уюм жетекчиси катары кандай максаттарды коюп жатасыздар? Жаңы келген кыргыздардын максаттары, көйгөйлөрү кандай?
    30:46 Иш боюнча келген кыргыздарга алдын ала маалымат беруу көйгөйү? Уюм жетекчилеринин федерация түзүлүүсүнө ой-пикириңиздер кандай?
    44:20 Позитивдүү нотада подкасттын соңу.

    • 45 min
    #56 Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

    #56 Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

    Мазмуну
    0:05 Жаңы сезон. Азамат Токтакуновдон кириш сөз
    1:05 Тааныштыруу. Азамат Исмаилов
    2:15 Европада федерация, конфедерация түзүү идеясы кайдан жана кимден келип чыкты? Федерация түзүүгө кандай себептер бар?
    5:43 Тааныштыруу. Нуран Мукаш
    6:40 Федерация түзүүнүн кереги барбы? Европадагы кыргыздар федерацияга биригүүгө даярбы?
    11:22 Тааныштыруу. Махабат Садырбек
    13:33 Федерация кантип ишке ашырылышы керек? Кандай тексттер жазылышы керек? Федерацияны түзүүдө негизи эмнелер кажет?
    15:55 Чөйрө платформасынын түзүүлүшү, жана дагы кандай потенциал бар?
    17:54 Эмне себептен диаспора эмес, федерация термини? Конфедерациянын башкаруу системасы, каражат жагы кандай болот? Меморандум бул кандай болгон макулдашуу, жана кимдердин арасында? Амбициясы чоң лидерлерди бириктирүү оңойбу? Конфедерациянын иш алпаруу жолдору. Уюмдардын конфедерация ичиндеги укуктары.
    27:30 Федерация терминин талкуулоо. Диаспора термининин орду жана мааниси. Уюмдарды каттоо тартиби. Меморандумдун түзүлүшү. Конфедерацияга расмий офис даярдыгы.
    33:30 Нейтралдуу Чөйрө платформасынын мүмкүнчүлүктөрү. Федерация түзүүдө Чөйрө платформасынын пайдасы, келечектеги потенциалдары.
    38:41 Жыйынтыктоо.

    • 39 min
    #55 Миграциядагы айымдар жана мигранттардын көйгөйлөрү, мигранттардын кабылган суроолору, учурдагы мигранттарга мүмкүнчүлүктөр тууралуу

    #55 Миграциядагы айымдар жана мигранттардын көйгөйлөрү, мигранттардын кабылган суроолору, учурдагы мигранттарга мүмкүнчүлүктөр тууралуу

    Бүгүн бизде конокто 10 жылдан бери Малайзияда жашап, эмгектенген Айгүл Акималиева болду. МоМ менен келишимдин негизиндеги акыркы подкаст жана бул подкастта миграциядагы айымдардын дээрлик жалпыланган көйгөйлөрү тууралуу сөз болду.

    Мазмуну
    0:22 Таанышуу
    2:45 Мигранттардын көйгөйлүү темалары. Үй-бүлө тууралуу, мигранттык жолунун башы Россияда. Мигранттар тууралуу жаңылыш түшүнүктөр.
    6:36 Мигранттардын маалымат жетишсиздигинен тарткан кыйынчылыктар. Укуктарын билбегендиктен тарткан кыргыз жарандардын кыйынчылыктары да, көбүнесе маалыматтын жоктугунан келип чыгат. Аялдардын тарткан кыйынчылыктары, жана аялзатына чакыруу.
    10:45 Адамдардын ишенчээктиги, андан келип чыккан ситуациялар.
    12:22 Жеке тажрыйба тууралуу жана азыркы Кыргызстандагы акыбалга көз караш. Жаштар тууралуу ою. Билимге чакыруу.
    15:22 Автордон “Келечек”, “Чырак” долбоорлору тууралуу, азыркы замандын кыз-келиндеринин билимге, ITге болгон умтулуусу тууралуу маалымат.
    18:40 Экспорт жана импорт тууралуу кеп кеңештер. Кыргызстандагы аш-заттардын чет жердеги заттар менен айырмачылыгы. 21:05 МоМ менен келишимдин негизинде жаздырылган подкасттарда көп маалымат топтолду.
    22:25 Акыркы сөз, чакырыктар жана кеңештер, подкасттын соңу.

    • 26 min

Top Podcasts In Leisure

Sword AF
Smosh
Fallout Lorecast - The Fallout Video Game & TV Lore Podcast
Robots Radio
Critical Role
Critical Role
House Rules with Myquillyn Smith, The Nester
Myquillyn Smith
Duck Call Room
Si Robertson & Justin Martin
The Big Three by Donut Media
Donut