
7 episodes

Чоо-жай ЭЕ/АҮ
-
- News
Дүйнөдөгү жана Кыргызстандагы көпчүлүктүн көз жаздымында калган тенденциялар - “Азаттыктын” “Чоо-жай” подкастында. Геосаясий жүрүштөр, коопсуздукту тооруган коркунучтар менен тобокелдиктер, көпчүлүктүн көз жаздымында калган тенденциялар - “Азаттыктын” “Чоо-жай” подкастында.
-
Түштүк Корея: президенттин импичменти менен аяктаган журналисттик иликтөөлөр - Январь 27, 2023
"Азаттыктын" "Чоо-жай" подкастынан бул жолу сөз эркиндиги, журналисттердин коомдогу ролу жана жарандык активдүүлүк маселелерин Түштүк Кореянын мисалында талдайбыз.
-
Мирзиёевдин сапары: чөлкөмдөгү кырдаал жана алака - Январь 23, 2023
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жакын арада Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келери күтүлүүдө. Бул визит Бишкек менен Ташкент үчүн кандай мааниге ээ? Өзбекстан чек араны тактоодо эмнеге көңүл бурат? Ташкент Борбор Азиядагы лидерликке умтулабы? "Чоо-жай" түрмөгүндө ушул темага кайрылабыз.
-
Үч коңшу Камбар-Ата-1 ГЭСин кантип курат? - Январь 13, 2023
"Азаттыктын" "Чоо-жай" подкастында Камбар-Ата-1 ГЭСинин Борбор Азия чөлкөмү үчүн мааниси, коңшу үч мамлекеттин – Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандын бул долбоорду чогуу ишке ашыруу дымагын талдап талкууладык.
-
2022-жыл: Орусиядагы мигранттарды ойлонткон беш маселе - Январь 03, 2023
2022-жыл Орусияда эмгектенген кыргыз жарандары үчүн оор жылдардын бири болду. Украинадагы согуштун эпкини, жаңы миграциялык эрежелер эмгек мигранттарын бир топ бейпайга салды. "Чоо-жай" подкастында жыл ичинде Орусиядагы мигранттарды ойлонткон беш маселени талдап беребиз.
-
20 жыл мурдагы табышмактуу жардыруу - Январь 03, 2023
Туура 20 жыл мурда, 2002-жылдын 27-декабрында Бишкектин четиндеги "Дордой" комплексинин аймагындагы "Оберон" базарында тогуз адамдын өмүрүн алып, элүүгө чукул кишини жарадар кылган жардыруу болгон. "Чоо-жай" подкастында бул теракттын күңгөй-тескейин талдадык.
-
ЖККУ: Армения эмнеге нааразы? - Декабрь 28, 2022
“Азаттыктын” “Чоо-жай” подкастында Орусия үстөмдүк кылган Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун ичиндеги ыйкы-тыйкы жагдайларды, анын ичинде Армениянын нааразылыгын талдадык.