
58 episodes

Эксперттер талдайт - Азаттык үналгысы ЭЕ/АҮ
-
- News
Коомдогу талылуу маселелердин күңгөй-тескейин "Азаттыктын" студиясында эксперттер талдашат.
-
Акылдуулар жана акчалуулар кайда көчөт? - Июль 14, 2022
Кыргызстандан жыл санап сыртка агылгандар көбөйүүдө. Кыргызстанга келген БУУнун атайын өкүлү муну кооптондуруучу абал деп сыпаттады. Кыргызстандан сыртка агылган «Акыл көчүнүн» кесепети кандай болот? Жапырт миграция улуттук коопсуздукка кандай таасир тийгизет?
-
Октябрь соту: соңку чечимдин чоо-жайы - Июнь 29, 2022
Бишкектин Биринчи май райондук соту 2020-жылдагы Октябрь окуяларындагы башаламандык боюнча мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчыларды актады. Ишти караган судья мурдагы президент жана пикирлештеринин аракетинде кылмыштын курамы жок деп тапты.
Соттун акыркы чечими эмнеден кабар берет? Бул суроону "Эксперттер талдайт" программасында талкуубайбыз. Талкууга Социал-демократтар партиясынын лидери Темирлан Султанбеков, экс-депутат Алмамбет Шыкмаматов, мурдагы судья Клара Сооронкулова, жарандык активист Мавлян Аскарбеков катышты. -
УКМК абагындагы өлүм: ким жоопкер? - Июнь 21, 2022
Акыркы эки аптада УКМКнын тергөө абагында кармалып турган экинчи шектүү жаран каза болду. Үч күн мурун банкир Бакыт Асанбаевдин асынган абалда сөөгү тергөө абагында табылды. УКМК Асанбаев өз жанын кыйганын билдирүүдө.
-
Казакпаевдин абактагы өлүмү, УКМКнын жообу - Июнь 15, 2022
Кыргызстанда "мамлекеттик чыккынчылыкка" айыпталып, абакта кезинде каза болгон саясат талдоочу Марат Казакпаевдин өлүмү жабык жайлардагы адам укугу маселесин күн тартибине чыгарды.
-
Парламенттеги кайым айтыштын төркүнү - Июнь 02, 2022
Айрым депутаттар парламент менен өкмөттүн ортосунда тиреш байкалганын айтса, күч органдарынын жетекчилери эл өкүлдөрүн жоопкерчиликсиз билдирүүлөрү үчүн айыптады. Бийлик бутактарынын ортосунда мамиле кандай болушу керек?
-
ЕАЭБ саммити, санкциялардын кесепети - Май 27, 2022
Бишкекте Евразия экономикалык биримдигинин саммити өтүүдө. Анда экономикалык өнөктөштөр соода-сатыкты күчөтүп, Орусия туш болгон санкцияларды талкуулады. Кечээ саммит алдында ири форум өтүп, анда экономикалык байланыш эле эмес, идеологиялык маселелер жөнүндө сөз болду.