Mediakyzdar Tynymgul Eshieva
-
- Education
Бул подкаст медиа чөйрөсүндө иштеген айымдар жөнүндө. Алардын иши, кыялдары жана күнүмдүк кыйынчылыктарды кантип жеңип жатышканы жөнүндө баяндама. Кыргызстандын медиа тармагына көз чаптырсак, көптөгөн ЖМКлардын аял жүзүн белгилебей коюуга болбойт, алар коомдук пикирди калыптандырып, жоопкерчиликтүү журналистиканы өнүктүрүп, бизге маанилүү маалыматтарды берип турушат.
-
Медиакыздар Суусамыр ФМден салам айтат
Бул өрөөнгө 12 жылдан бери обого чыгып келе жаткан Суусамыр FM чакан аймактык радиосунун "Медиакыздар" подкастынын өзгөчө чыгарылышы. БААУнун студенттери, Жамааттык медиа ассоциациясынын директору Назира Жусупова, Жаратмандар ассоциациянын жетекчиси Назгүл Кубакаева менен бирге радиого барып, аймактардагы адамдар ММКда кандай иштеп, жаратмандыгын өнүктүрүп жатканын билүүгө аракет кылдык. Биз радиодо эфирге чыгып, саякат тууралуу подкаст дагы жаздыра алдык.
Үндү БААУнун студенттери Алина Байтокова жана Масума Махамадалиева жаздырышкан, монтажда Санжар Эралиев. -
2023-жыл медиа сынчылардын көз карашында
Бул жылы Кыргызстандын медиа тармагында глобалдык индексте сөз эркиндигинин төмөндөшүнөн, маалымат каражаттарынын блоктолушунан баштап, глобалдык иликтөө конференциясында кыргыз журналисттери катышып, жаңы форматтарды өздөштүрүүгө чейин жакшы да, жаман да көптөгөн окуялар болду. Медиа сынчылар Бурулай Пусурманкулова менен Асел Сооронбаева жеке пикири жана кесиптештеринин иши боюнча жыл жыйынтыгы менен бөлүшүштү. “Медиакыздар” подкаст жыйынтыгын чыгарып, 3-сезонду жалпы 20чы эпизод менен аяктайт.
-
Майраш Базлакунова: "Мен инсайдердик маалыматтан хайп жараткым келбейт".
Бүгүн #MediaKyzdar
подкастында Майраш Базлакунова, ал өзүнүн
автордук Youtube каналында белгилүү
саясатчылар, коомдук ишмерлер, шоу-бизнес жана ЖМKлардын өкүлдөрү менен баарлашууда.
Подкастта ал өзүнүн ишин жүргүзүүнүн, ийгиликтүү интервьюлардын жана
фрилансердиктин сырлары менен бөлүшөт.
Майраш Базлакунова,
1996-жылы Жусуп Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган.
«Эркин-Тоо» гезитинде журналист болуп иштеп баштаган, 1996-2007-жылдары КТРКда
радио алып баруучу, маалыматтык-аналитикалык берүүлөрдүн модератору, Биринчи
радиодо баяндамачы болуп иштеген. 2019-жылга чейин «Марал» радиосунун
редактордун орун басарын, андан кийин башкы редактору болуп иштеген.
2016-жылдан ушул күнгө чейин «Базлакунова Медиа» ЖЧКсын жетектеп, автордук
каналында интервьюларды жарыялап келет. -
3 сезон. «Медиакыздар» академиясы аймактардагы кыздардын башын бириктирет
Бул чыгарылышта IDEA Борбордук Азия долбоорунун Медиакыздар академиясынын кыздары менен тааныштык. IDEA Борбордук Азия уюмунун медиакоординатору Камила Усманова «Медиакыздар» долбоорунун жыйынтыгы тууралуу айтып, "Баткенге кат" демилгесинин окуяларын баса белгиледи. Баткенден Курсанай Азимова жана Таластан Мээрим Алымбаева Бишкекке келип, ишкерликти үйрөнүп, ошондой эле өз идеяларын чоң иш-чарада тартуулашты. Бүгүнкү күндө аймактарда кайсы каналдар популярдуу болуп жатканын, жаңы медиа кыздарга кандай жардам берери жөнүндө бул эпизоддо кеп кылдык. Ошондой эле кыздар өздөрүнүн жеке окуялары жана жетишкендиктери менен бөлүшүп, медиа адамдардын жашоосуна кандай таасир эткенин, кайсы темалар аймактарда актуалдуу болуп жатканын айтып, максаттарын да жарыялашты.
-
3 сезон. Азиза Мурзашова: “Аутизми бар баланын энеси болуу жөнүндө бөлүшөм”
Жаңы медиадагы аялдар тууралуу сөз кылган #MediaKyzdarдын үчүнчү сезонун бул чыгарылышында SMM адиси Азиза Мурзашова менен маектештик. Ал аутизм менен төрөлгөн баланын энеси болуунун тажрыйбасы, @ozgocho.kyrgyzstan Инстаграмм баракчасынын максаттары менен бөлүштү. Cоциалдык тармактарда жек көрүчүлүккө жооп берүү жолдорун жана аялдардын укугун коргоо боюнча жаңы медиа кандай жардам берерин айтып берип, деги эле жөнөкөй кыргыз кыздын жашоосун сүрүү кандай экенин түшүндүрдү.
-
3 сезон. “Эже-Сиңдилер” программасы: “Биз аялдар бардык темаларда сүйлөй турганын белгилебиз келет”.
Алия менен Айгерим бир нече жылдан бери “Азаттык медиасында” “Эже-синдилер” программасын алып барып, коомчулукту түйшөлткөн ар кандай маселелерди көтөрүп келишет. Подкасттын бул чыгарылышында Алия менен Айгерим жеке окуялары жана жаңы медиа аркылуу аудиториялары менен кантип баарлашары, медиа сабаттуулук жана гендердик сезимталдык деген эмне, алардын ою боюнча маалымат дүйнөсүндө тең салмактуулукту кантип сактоо керектиги тууралуу айтып беришти.