Кыска-нуска Айзада Акбекова, Калыгул Жунушбеков Aizada Akbekova
-
- Education
Kyska-nuska
-
Кыска-нуска #2. “Зомбулук көргөн бактылуубу?
Бүгүнкү биздин тема “Зомбулук көргөн бактылуубу?” деп аталат. Сиздердин назарыңыздардa Германиядан Айзада Акбекова жана Калыгул Жунушбеков.
А: Калыгул, сени ала качып, үйлөнтүп койгонуңду элестете аласыңбы? Ал эми колуңду таңып, мойнуңа оор жүк асып, басмырлап бетке уруп, анысы аз келгенсип, муздак сууну башыңдан ылдый куюп, сабаган адам менен өмүрлүк жар деп жашайт белең?
_________________________________________________________________________________________
Өткөндөгү Сузак жергесиндеги, кордук көргөн аялдын видеоcy, коомчулукта ар кандай пикир жаратты. Бул жөнүндө биз мекендештерибиз:
a) Берлиндеги юрист-антрополог, Макс-Планк этнология институнда илимий изилдөөчү Dr. Махабат Садырбек, b) Дортмунд шаарындагы программист, блогер жана ишкер Азамат Токтакунов, c) Бонн университетинин политология бөлүмүнүн магистранты, немис тили боюнча мугалим Зейнура Бирназарова, d) Германиядагы Халле шаарындагы табигий ресурстарды анализдөө жана текшерүү боюнча Wessling компаниясынын жаратылыш инженери (Umweltingenieur) Руфат Султаналиев, e) АУЦА Борбордук Азиядыгы Американ Университетинин психология факултетинде магистранты Жибек Кенжебаева жана f) ADVANCE Академиясынын негиздөөчүсү жана жетекчиси, Америка, Германия жана Япония өлкөлөрүндө окyп жана жашап келген Алмаз Араповдун ойлорун ушул подкасттан угуңуздар.
Музыканын булагы: https://www.youtube.com/watch?v=_DA0mdtL-jI#action=share -
Кыска-нуска #1. "Ак жол сага, абитуриент! Бүтүрүүчүгө 5 баалуу кеңеш"
"Кыска-нуска" - Айзада Акбекова, Калыгул Жунушбеков
"Ак жол сага, абитуриент!
Бүтүрүүчүгө 5 баалуу кеңеш"
Oкуу жылы аяктап, окуучулар жана ата-энелерден суроолор кат куржунга батпай кетти. Жалпысынан эне тилибизде коп маалымат болбогондугуна байланыштуу, баардыгына пайдалуу болуу үчүн бул подкастты даярдадык. Бул жакта мектептен кийинки кадамдарды тизмектеп өттүк. ОРТ жана мектеп сынактарынын маанилүүлүгүнө токтодук. Маалыматты бөлүшө кетүүнүнү суранабыз.
Ак жол сага, абитуриент!
Бүтүрүүчүгө 5 баалуу кеңеш.
Кыска-нусканын бүгүнкү мазмуну:
1. Акыркы коңгуроодон кийинки алгачкы кадамдар
2. Аттестаттын баасы жана баркы
3. ОРТ же ЖРТ сынагы жана тапшыруу шарттары
4. Туура кесип тандоо
5. Сиз каалаган идеалдуу окуу жай
Ийгилик сага, бүтүрүүчү!
Коштолгон музыканын булагы: https://www.youtube.com/watch?v=zwo3BiAyQQY&feature=youtu.be&list=PLZARrpJ-x_bNSkPKCVL1oJUHW6GTv58dC