19 episodes

"Азаттыктын" Адилеттик издейм подкастынан укуктары бузулган адамдардын тагдыры, алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна арналган окуяларды баяндайбыз. Укугуңуз бузулса, келиңиз чогуу талкуулайлы, адистер менен кеңешип, чогуу коргойлу.

Адилеттик издей‪м‬ ЭЕ/АҮ

    • Society & Culture

"Азаттыктын" Адилеттик издейм подкастынан укуктары бузулган адамдардын тагдыры, алардын көйгөйлөрүн чечүү жолдоруна арналган окуяларды баяндайбыз. Укугуңуз бузулса, келиңиз чогуу талкуулайлы, адистер менен кеңешип, чогуу коргойлу.

    “Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”

    “Сурмалуу болом деп, көзүмдөн айрылып кала жаздадым”

    Өмүрүн адилеттик үчүн күрөшкө арнаган Азиза Абдирасулова “Азаттык” радиосунун адам укуктарына арналган “Адилеттик издейм” подкастын сунуштайт. Бул жолку уктурууда көзүнүн сурмасын оңдотом деп косметологго кайрылып, бирок шалаакы мамиледен үч жолу операция болгон кыз кайрылды. Ал 2020-жылдан бери адилеттик издеп, укугу бузулуп, ден соолугу жабыркаганына даттанды.

    • 14 min
    “Үйлүү болобуз деп, башыбызга балээ үйдүк”

    “Үйлүү болобуз деп, башыбызга балээ үйдүк”

    Бишкектин четиндеги Өскөн-Ордо конушунун тургуну Саламат Алымбаева сатып алган жер тилкесине үй салып, бирок узак жылдан бери документи бүтпөй жүргөнүн айтып кайрылды. Буга чейин бул конушта бир эле жер тилкеси бир нече жаранга сатылып, жер талашкан учурлар катталган.

    • 27 min
    "Өлтүрүүгө аракет болгон". Алга Кылычевдин абакта көргөн азабы

    "Өлтүрүүгө аракет болгон". Алга Кылычевдин абакта көргөн азабы

    Күч органдары тарабынан ур-токмокко кабылып, абакта криминалдык
    топтордун кысымын көрдүм деген активист Алга Кылычев жана анын жубайы бийлик алмашкан 2020-жылдын октябрынан бери деле тиешелүү кызмат адамдары жоопко тартылбай жатканын айтып, кайрылды. Алга Кылычев Кой-Таш окуясы боюнча кылмышка шектүү катары кармалган учурунда кыйноого кабылганын мындан эки жыл мурун "Азаттыкка" курган маегинде айтып чыккан. Жаза аткаруу кызматы анын кыйноо фактысы боюнча айткандарын четке каккан.

    • 24 min
    “Мени коюп кеткен адам кенемте төлөгөн жок"

    “Мени коюп кеткен адам кенемте төлөгөн жок"

    Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында жөө жүргүнчүлөр өтүүчү тилкеден автоунаа сүзүп кетип, оорукчан болуп калган Назира Нурованын арыз-арманын укту. Кырсык болгондо эле оор абалдагы аялды айдоочу өзү ооруканага алып барып, иш ошол бойдон териштирилбей калган.

    • 14 min
    Акыйкатчыны ким коргойт?

    Акыйкатчыны ким коргойт?

    Азиза Абдирасулова адам укуктарына арналган подкастында "Акыйкатчы жөнүндө" мыйзам долбоорун, бул институттун ролун, макамын акыйкатчы Жамила Жаманбаева жана мурдагы омбудсмен Токон Мамытов менен талкуулады.

    • 31 min
    Балдар үйүнөн кийинки оор турмуш

    Балдар үйүнөн кийинки оор турмуш

    Балдар үйлөрүндө тарбияланган улан-кыздар орто билим алган соң өз алдынча кетип, турмуштун чоң агымына бой урат. Үй-жайсыз, колдоосу жок балдар оор жагдайга кабылат. Укук коргоочу Азиза Абдирасулова бул маселени соцкызматкер Гүлзат Темирбаева, балдар үйүндө тарбияланган Гүлшана, Даниэль менен талкуулады.

    • 23 min

Top Podcasts In Society & Culture

Inconceivable Truth
Wavland
The Interview
The New York Times
Stuff You Should Know
iHeartPodcasts
Shawn Ryan Show
Shawn Ryan | Cumulus Podcast Network
This American Life
This American Life
Expedition Unknown
Discovery