8 Folgen

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер.

Чөйр‪ө‬ Azamat Toktakunov

    • Technologie
    • 5,0 • 2 Bewertungen

Жаратмандар жолугушкан, ой-пикирлер талкууланган жана идеялар ишке ашкан жер.

    DevKurultay-ITJoop: Жасалма интеллект

    DevKurultay-ITJoop: Жасалма интеллект

    Бул подкастта биз акыркы хайп болуп жаткан жасалма интеллект жөнүндө сүйлөштүк.



    00:00 Кириш сөз

    03:08 GPT’ге аныктама берип атабыз

    17:55 Жетишкендиктер жана колдонуу мисалдары

    41:02 Жасалма интеллект жөнүндө талкуу

    01:01:04 Кыргыз програмчы коомчулугунун салымы

    • 1 Std. 23 Min.
    Айбек Сарыгул: Бизнес чөйрө

    Айбек Сарыгул: Бизнес чөйрө

    Дүйнө жүзү боюнча тажрыйба алмашууга даяр, кызматташууга ачык, жеке жана кесиптик өсүүгө умтулган, коомчулуктун өнүгүшүнө салым кошо турган адамдарды бириктирет. Пайдалуу байланыштарды табуу аркылуу ийгиликке жетиңиз.

    Бизнестеги бири-бирине болгон жогорку деңгээлдеги ишеним менен айырмаланган ишкерлердин бекем коомчулугун түзүүдөбүз. Биздин клубдун мүчөлөрү киреше табууда бири-бирине жардам беришет, тажрыйбалары менен бөлүшөт жана узак мөөнөттүү, ишенимге негизделген мамилелерди курушат.

    Биздин клуб акча иштери гана эмес, инвестиция аркылуу жашоонун өнөрүн да үйрөнүүгө багытталган. Клубга кошулуу үчүн, бизнес-репутацияңызды жана капиталыңызды текшерүү менен катар, сиз биздин негизги баалуулуктарыбызга – адептүүлүк, жаратмандык, таасирдүүлүк жана сулуулукка умтулуу боюнча жакындыгыңыз да маанилүү болуп саналат.

    • 34 Min.
    ITJoop: IT курс окуп, програмчы боло алышабы?

    ITJoop: IT курс окуп, програмчы боло алышабы?

    00:00 ITJoop подкаст DevKurultay (https://t.me/devkurultay) кыргыз тилдүү IT–коомдоштук жана Чөйрө (https://choyro.com) платформасы менен бирге даярдалды. Эксперттер менен таанышуу.

    03:52 Турат Алыбаев: Курста окуп програмчы болсо болот, бирок чоң мээнет керек. Курсту бүтүп күчтүү адис чыкпайт, бирок ITге киргенге жакшы мүмкүнчүлүк түзүп берет. Бүтүрүүчүлөргө Университет окуганды сунуштайт. Бир жол жок, ар бир адам уникалдуу.

    07:32 Калыс Осмон. Курстар жок эле, үйдөн китеп окуп жумуш таап кетсе болот. Жумуш табуу бул өзүнчө процесс жана аны үйрөнүү менен бирге кошо баштоо керек. Жумуш издөөдө психология абдан маанилүү. Тааныштардын арасында бир курстан кийин жумуш таппастан, экинчи курстан кийин жумуш тапкандар көп. Билимден тышкары - нетворкинг маанилүү. Тааныштар аркылуу жумуш тапкан оңой. 

    13:01 Азамат Токтакунов: Мурда, эгерде адам аябай програмчы болгусу келсе, ал өзү эле изденип жүрүп, програмчы боло алат. Эми болсо, адамда каало бар болсо, ага жол көрсөтүп, аны програмчы кылып үйрөтсө болот.

    15:23 Султан Иман: Курстардын көбөйгөнүнүн кесепети - жакшы курс жасаган борборлордун абройун бузганы. Азыркы замандын чакырымынан, маалыматтын көбөйүшүнүн натыйжасында, маалыматты издеп аны менен иштөөдө адамдын чыдамкайлыгы аягына чыкканга каалосу жок болуп жатат. Шашкандар көп - шак эле програмчы болуп кетем деген. Тил маселеси. Билим берүү системасы жок. 

    20:11 Азамат Токтакунов: Чет тил маселесин азыр жасалма интеллект аркылуу чечсе болот.

    21:23 Салават Исмаилов: Эгерде шарттуу түрдө курсту бүткөн соң биринчи жумушту тапкан адам програмчы деп эсептейлик. Жөндөмдөргө жараша, курска келип жатканда, чоң каалооңуз бар, бирок өзүңүздү түшүнүү керек, кандай окуган ыңгайлуу жана жакшы ментор керек. Жакшы чөйрө дагы жардам берет. Жумуш тажрыйбасы жоктор жумушка кире алышпайт.

    26:44 Жумамидин: Кыргызстанда IT эми өнүгө баштады, эми мындан дагы көп програмчылар талап кылынат. Акча коротуп, энергия короткон соң, аракет кылууну уланта бериш керек. Жумуш таппай калгандардын себеби, жетишээрлик убакыт бөлбөй калганы. Портфолио үчүн жеке долбоорлорду жасоо. 

    30:29 Турат Алыбаев: Жумушка кире албай жаткандардын эң чоң көйгөйү жумшак көндүмдөрдүн (soft skills) жетишсиздиги.

    32:28 Жумамидин Ташалиев: Жаңы баштап жатканд

    • 1 Std. 18 Min.
    Турат Алыбаев: Жумуш сени издеген IT адиси бол!

    Турат Алыбаев: Жумуш сени издеген IT адиси бол!

    IT агартуучу, мотиватор, кумурскадай эмгекчил Турат Алыбаев агай менен кызыктуу маек курдук. Ал бизге өзүнүн курстары кантип түзүлгөнүн, кандай кыйынчылыктарды басып өткөнү жана эң негизгиси Баткенде IT компания ачуу максаты менен бөлүштү.

    Талкууланган темалар:

    02:14 Турат агайдын 16-курсу тууралуу

    02:40 Тил-Бил долбоорун кантип баштаган

    04:45 Адам кыялын чектебеши керек

    05:15 Баткенде 500 адамга ылайык чоң офисибиз болот

    06:35 Айды алып берем деп адамдарды алдабайбыз

    08:18 Курсту бүткөн адамдарды жумушка орноштура албайбыз

    09:05 Мотивациясы түгөнүп IT ни таштап койгондор

    10:04 IT демилге курсу тууралуу

    15:02 Чөйрө жөнүндө, кантип жумуш табабыз

    20:49 Чөйрө тиркемеси

    27:33 Жумуш сени издеген, ишти майын чыгара жасаган адис бол

    33:40 IT де акча жакшы төлөйт, үйдө отуруп иштесе болот

    34:36 Өзүңдү изилдеп анан ишти башта

    36:28 Чөйрө баарыбызга керек

    37:58 Жакшы иштер жаздын күнкү кардай жабышып кете берет

    40:19 Сеники болбойт деп басынткан адамдар да болду

    45:20 Менин талантым бар командаңарга алгыла

    • 48 Min.
    Ильгиз Камбаров: Жашыл Альянс Кыргызстан

    Ильгиз Камбаров: Жашыл Альянс Кыргызстан

    Орто Азиянын беш мамлекети кирген «Орто Азиядагы жарандык коомдун климаттык сети» бирикмесинин кыргызстандын атынан мамлекеттик координатору Ильгиз Камбаровду маекке тартып, бирикменин максаты, милдети, багыттары тууралуу сүйлөштүк.

    0:55 Бирикменин жаралышы, максатары, долбоорлор тууралуу кыскача маалымат

    4:29 Кыргызстандагы “Жашыл Альянс” уюмунун тарыхы, мүчөлөрү

    10:20 Доскредобанк аркылуу сарамжалдуу технологияны насыялоо, жашыл аблигация, жашыл долбоорлор

    12:01 Мамлекеттик “Керемет банк”менен жашыл принциптерди киргизүү алкагында иштерди алып баруу

    12:44 Жаштар коому “Жердин балдары” долбоору, жаштар менен ири долбоорлорду, конференциялары өткөрүү

    13:11 Мамлекеттик позицияны даярдоо КОП-26,КОП-27,КОП-28

    13:47 Мамлекеттик уюмдар менен тыгыз байланышта иш алып баруу

    14:20 Эл аралык коом менен ой пикир алмашуу, тажрыйба алмашуу

    16:49 Чөйрөдөгү эки долбоор тууралуу

    18:30 МОМ, “Жашыл Альянс” аркылуу эки долбоордун тандалышы жана аны ишке ашыруу жолдору

    19:50 “Ашар”, “Чөйрө” платформасы аркылуу долбоорлорду ишке ашыруу

    21:06 Чет өлкөдө жашаган кыргыз жарандарын жашыл экономиканы өнүктүрүүгө колдоо көрсөтүүго чакыруу

    24:53 Долбоорду ишке ашыруудагы жоопкерчилик, колдоого чакыруу, социальдык сеттер аркылуу байланышуу

    • 31 Min.
    Чынгыз Абдырахманов: Жаратылышты коргоо аркылуу тоо-ат туризмин биргеликте өнүктүрөлү!

    Чынгыз Абдырахманов: Жаратылышты коргоо аркылуу тоо-ат туризмин биргеликте өнүктүрөлү!

    Алыскы Кара Кужур өрөөнүнөн чыккан мекенчил замандашыбыз Чынгыз Абдырахманов айыл жергесиндеги айрым экология маселелерин жана жаратылыштагы болуп жаткан көйгөйлөрдү чечүү менен бирге тоо ат туризмин өнүктүрүү долбоору жөнүндө, алдыдагы койгон максаттары, пландары тууралуу кеңири маек куруп берди

    01:40 Чынгыз Абдырахманов өзү жөнүндө

    04:36 “Жашыл Альянс” менен кантип иштеп баштаган.

    07:35 Долбоордун максаттары, иш-аракеттери.

    09:40 Ашар долбоору кандай иштейт.

    13:12 Маршрут жасоо боюнча каржы маселелери.

    16:15 Ашардан каржыдан тышкары дагы кандай жардам алса болот.

    19:33 Сүрөткө тартуу иштери боюнча жардам берип, эс алып, жер көрүп кел!

    22:20 Долбоордун текстин жазган Жыргалбек мырза долбоорлор жөнүндө.

    24:20 Жергиликтүү жамаат колдосо долбоор туруктуу болот.

    28:09 Ашар - идеяларга ачык. Бардыгын бирге жасайбыз!

    29:51 IT демилге долбоору IT билимдерине жол ачат.

    30:41 Долбоордун логотибин жасаган Айгул айымдан логотип жөнүндө кыскача маек.

    34:42 Кыялдагы иштер башталып жатат.

    35:48 Логотип, сайт жасагандарга ыраазычылык

    36:35 Долбоорго профессионалдык денгээлде сүрөт тартканга жардам керек.

    39:16 Активдүү адамдардын идеясын биринчи колдойбуз.

    41:20 Кара Кужурдагы орчундуу маселелер.

    43:50 Чөйрөнүн ичиндеги иштерди биригип синергия кылып иштейбиз.

    • 48 Min.

Kundenrezensionen

5,0 von 5
2 Bewertungen

2 Bewertungen

Top‑Podcasts in Technologie

Lex Fridman Podcast
Lex Fridman
c’t uplink - der IT-Podcast aus Nerdistan
c’t Magazin
NewMinds.AI -  Podcast
Jens Polomski & Max Anzile
Flugforensik - Abstürze und ihre Geschichte
Flugforensik
Hard Fork
The New York Times
Apfelfunk
Malte Kirchner & Jean-Claude Frick