
4 episodes

Элдик экономика ЭЕ/АҮ
-
- Education
“Элдик экономика” – экономикадагы оош-кыйыштарды, финансы тармагындагы олку-солку жагдайларды жана рыноктун башка бөлүктөрүндөгү кубулуштарды талдаган подкаст.
-
Пенсиялык реформа: өкмөттүн 11 сунушу - Январь 25, 2023
Министрлер кабинети өлкөнүн пенсиялык тутумун реформалоону баштоо алдында турат. Социалдык фонд 11 сунушту камтыган мыйзам долбоорун парламентке киргизип, ал биринчи окуудан өттү. "Элдик экономика" подкастында реформалардын алкагында кандай өзгөрүүлөр болоруна саресеп салдык.
-
Дүйнө экономикасын силкиген жыл - Декабрь 15, 2022
2022-жылы дүйнө экономикасы бир топ силкинди. Украинадагы Орусия баштаган согуш, санкциялар жана чектөөлөр рыноктун түрдүү катмарларына таасир этти. Товарлар дарегине жетпей, кымбаттады. Узаган жылдагы экономикалык тенденцияларды, 2023-жылдын божомолун кеп кылабыз.
-
Көмүскөдөгү валюта базары. Пайда-зыянын ким көрөт? - Декабрь 14, 2022
Кыргызстанда валютанын көмүскө базары коолап-чайлап жатканына тынчсыздангандар көбөйдү. Улуттук банк валюта рыногун бир калыпта кармоо үчүн чараларды көрүп жатканын билдирип жаткан чакта, миңдеген адамдар телеграм-каналдарда көмүскө алып-сатууну улантууда.
-
Күнүмдүк турмушка корогон насыянын тобокелчилиги - Ноябрь 30, 2022
Кыргызстандын калкы банктан алган насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө жумшайт. Айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар азайып жатат. Бул көрүнүштү адистер кооптуу деп баалашат. Анын тобокелчилиги эмнеде?