Соңку жаңылыктар ЭЕ/АҮ
-
- News
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
-
Кечки радио эфир | 04.12.2023 | ККМге каршы акциялар уланды
Базарларда соодагерлер ККМге каршы нааразылык акцияларын улантууда. Бишкекте активист Ырыс Жекшеналиевдин соту аяктады.
Газадагы соңку кырдаал. -
Кечки радио эфир | 26.11.2023 | Орусияда дрон чабуулунан улам аэропорттордун иши токтоп, кайра жанданды
Орусиянын абадан коргонуу күчтөрү жекшембиге оогон түнү Москвага чабуул койгон бир нече учкучсуз аппараттарды атып түшүргөнүн, жабыркагандар жок экенин шаар мэри Сергей Собянин билдирди. Ал арада Москванын "Внуково" жана" Домодедово " аба майдандары ишин убактылуу токтоткону белгилүү болду.
-
Кечки радио эфир | 25.11.2023 | Газа тилкесинен эки кыргызстандык эвакуацияланды
Кыргызстандыктар 24-ноябрь күнү алар Газадан Египет аркылуу Каир-Москва каттамы менен Москвага жеткирилип, мейманканага жайгаштырылды.Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 25-ноябрда билдирди.
-
Кечки радио эфир | 24.11.2023 | Фейсбуктагы пикири үчүн кармалган пенсионерге 50 миң сом айып салынды
Таш-Көмүр шаарынын 70 жаштагы тургуну, пенсионер Салия Таштанованын иши боюнча Жалал-Абад шаардык соту 22-ноябрда өкүм чыгарып, ага 50 миң сом айып салды.
-
Кечки радио эфир | 23.11.2023 | Мадумаровдун эки тарапташы соттолду
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын мүчөлөрү Асылбек Замирбек уулу менен Иса Таштановго чыгарылган өкүм боюнча апелляциялык арыз Чүй облустук сотунда 4-декабрда каралат. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдирди.
-
Кечки радио эфир | 22.11.2023 | Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген жетекчилер кызматтан кетти
Ошто Көлбаев жана Матраимовго байланышы бар делген бир нече жетекчи кызматтан алынганы белгилүү болду. Алардын арасында президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары жана Кара-Суудагы жетекчилер бар. Алар мындай байланышты четке кагышууда.