Элдик экономика ЭЕ/АҮ
-
- Education
“Элдик экономика” – экономикадагы оош-кыйыштарды, финансы тармагындагы олку-солку жагдайларды жана рыноктун башка бөлүктөрүндөгү кубулуштарды талдаган подкаст.
-
"Социалдык келишим" жакырчылыктан чыгуунун жолубу?
2023-жылы аз камсыз болгон 10 миң үй-бүлөгө 100 миң сомдон кайтарымсыз каражат берилип, өз алдынча киреше булагы менен камсыздалат. Кыргыз өкмөтү былтыр 2800 үй-бүлөгө колдонулган тажрыйба натыйжалуу болгонун билдирүүдө.
Социалдык өнүгүү министрлигинин өкүлү Актан Балбаков менен баарлашабыз. -
Баалардын өсүшүнө эмне түрткү берүүдө?
Кыргызстанда январдын ортосунан бери айрым азык-түлүктүн баасында сезилерлик кымбаттоо байкалууда. Өзгөчө пияздын баасы эки эсеге чейин өсүп кетип, кардарларды дүрбөлөңгө салып жатат. Өлкөдө базар баасы кандай болуп жатат? Соңку бир жылда баалар кандай өзгөрдү?
-
Пенсиялык реформа: өкмөттүн 11 сунушу
Министрлер кабинети өлкөнүн пенсиялык тутумун реформалоону баштоо алдында турат. Социалдык фонд 11 сунушту камтыган мыйзам долбоорун парламентке киргизип, ал биринчи окуудан өттү. "Элдик экономика" подкастында реформалардын алкагында кандай өзгөрүүлөр болоруна саресеп салдык.
-
Дүйнө экономикасын силкиген жыл
2022-жылы дүйнө экономикасы бир топ силкинди. Украинадагы Орусия баштаган согуш, санкциялар жана чектөөлөр рыноктун түрдүү катмарларына таасир этти. Товарлар дарегине жетпей, кымбаттады. Узаган жылдагы экономикалык тенденцияларды, 2023-жылдын божомолун кеп кылабыз.
-
Көмүскөдөгү валюта базары. Пайда-зыянын ким көрөт?
Кыргызстанда валютанын көмүскө базары коолап-чайлап жатканына тынчсыздангандар көбөйдү. Улуттук банк валюта рыногун бир калыпта кармоо үчүн чараларды көрүп жатканын билдирип жаткан чакта, миңдеген адамдар телеграм-каналдарда көмүскө алып-сатууну улантууда.
-
Күнүмдүк турмушка корогон насыянын тобокелчилиги
Кыргызстандын калкы банктан алган насыянын дээрлик жарымын күнүмдүк керектөөгө жумшайт. Айыл чарба, соода-сатык, өндүрүшкө берилген насыялар азайып жатат. Бул көрүнүштү адистер кооптуу деп баалашат. Анын тобокелчилиги эмнеде?