8 episodes

“Айылга арналган өмүр” подкасты айылдагы мугалимдер жөнүндө.
Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал өзү иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билет. Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оома

Айылга арналган өмү‪р‬ Barchyn Mamytbekova

    • Education

“Айылга арналган өмүр” подкасты айылдагы мугалимдер жөнүндө.
Гүлбарчын Мамытбекова Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы айылдык мектепте 24 жылдан бери мугалим болуп иштейт. Ал өзү иштеген чөйрөдөгү мугалимдердин эмгеги, түмөн түйшүгү, коомдогу ролу жана орду, “өкмөттүн” балдары деп жүрүп өз балдарын унутта калтырган ж.б учурлар тууралуу аралашып жүрүп, абдан жакшы билет. Ошондуктан жөнөкөй айылдык мугалим, алардын ийгилиги, кубаныч-кайгысы, чет жерге жакшы жашоо издеп кетип, ал жерден көргөн кыйынчылыгы, үй-бүлөлүк жашоосунун оома

    Мугалим-кара таман интеллигент

    Мугалим-кара таман интеллигент

    "Айылга арналган өмүр"  подкастынын жаңы чыгарылышында Ак-Талаа районундагы Э.Карсартов атындагы орто мектебинин мугалими Айна Жакыпова менен маектештик. Көркөм сөзгө чебер эже  менен  мугалимдердин бардык доордогу жашоосу, кыйынчылыктары, окуучулардын китебинин ижара акысына айлыгын кармап калып, кесиптеши ыйлаган кезди,  учурдагы аралыктан окутуу, мугалимдердин эмгекчилдиги, келин-кайын эне мамилеси, үй-бүлөсү тууралуу кызык окуяларды эске салдык.

    • 30 min
    Баары жакшы болот...

    Баары жакшы болот...

    "Айылга арналган өмүр"  аттуу  подкасттын бул чыгарылышында жаш мугалимдер Ширин Рыскелдиева жана  Тураркан Нурдөөлөтова мугалимдик алгачкы жылдардагы кыйынчылыктар, жаңы коллективге көнүү жана ордун табуу үчүн жасалган аракеттер, сүйүү, үй-бүлөдөгү мамилелер тууралуу ой бөлүштү.  "Жакшы гана ойлорду ойлош керек. Баары жакшы болот" деген каармандар учурдагы өзгөчө кырдаал бир прогресске алып барат деп ишенишет.

    • 36 min
    Бул жашоо кайтар дүйнө...

    Бул жашоо кайтар дүйнө...

    Ардактуу угарманым! Айылга арналган өмүр" подкастымдын жаңы чыгарылышы даяр болду. Бул жолу бир топ жылдар аскер кызматында жүрүп, билим берүү тармагына кокусунан келип калган Каныбек агай менен жашоо, өмүр, сүйүү, үй-бүлө, бала тарбиясы жана учурга байланыштуу билим берүүнүн абалы тууралуу сүйлөштүк. "Бирөөгө жамандык кылгандан корком. Баары кайтып келет. Анткени бул дүйнө кайтар дүйнө деген каарманыбыз сүйүү бар деп ишенет.

    • 28 min
    Жалгыз бой аял жана коом

    Жалгыз бой аял жана коом

    Ардактуу угарманым! “Айылга арналган өмүр” долбоорунун жаңы чыгарылышын сунуш кылам. Сиздерге мурда кабарлагандай бүгүн жалгыз бой мугалим эне менен маектешебиз. Каарманым Э.Карасартов атындагы орто мектебинин мугалими Нурзат Молдакунова.

    Адам баласы бул дүйнөгө жаралганда анын мандайына жазылган тагдыры болот жана андан эчким эч кайда качып кутула албайт деп айтылат эмеспи. Арабызда мына ошондой бешене менен жалгыздыктын кучагында жашаган жалгыз бой энелер бар. Бирок алар жалгызмын деп отуруп калбай балдарын да багып, билим берип, тарбиялап, ошол эле учурда кызматта да иштеп келишет.

    Убактыңызды бөлүп угуп жана бөлүшүп коюңузду өтүнөм! Чоң рахмат угарманым!

    • 26 min
    Үйдү сагынганда, куса болгондо ырдайм...

    Үйдү сагынганда, куса болгондо ырдайм...

    "Айылга арналган өмүр" подкастымдын бул чыгарылышында мигрант мугалим менен маектештик. Мектепти таштап, мугалимдердин да мигрант болуп, сыртка чыгып кетиши өкүнүчтүү!

    Жашоо адамды дүйнөнүн кайсы гана тарабына таштабайт. Учурда дегеле кыргыз баласы жүрбөгон дүйнөдө өлкө жок болсо керек. Мен дагы бир учурда мигрант баскан жолду басып, даамын татып көрдүм эле. Бирде сүйүнгөн, бирде күйүнгөн көп күндөрдү кечирдим... Мигранттын сапары дайыма эле ойдогудай ачык жана байсалдуу боло бербей турганын, акча арыкта агып турбасын жон терим менен сездим. Анда эртен сөзсүз жай турмуш келет деген тилек менен каарманым Жеңишкүл Бактыбай кызы менен Москванын  таасирлери, жашоосу жана мектептеги иштеген жылдары, үй-бүлөсү, ата-энеси тууралуу сүйлөштүк

    Долбоор "Сорос Кыргызстан" фондусунун колдоосу менен даярдалды. Материалдагы маалыматтар фонддун пикирин билдирбейт!

    Угарманым! Убактыңыз болгондо угуп  жана бөлүшүп коюшунузду өтүнөм. Алдын ала чоң рахмат. Урматым менен Барчын.

    • 31 min
    Апийим кырган ак таңдар

    Апийим кырган ак таңдар

    Подкасттын бул чыгарылыштагы каарманы -Светлана Кенеева. Ак-Талаа районундагы орто мектепте биология мугалими болуп эмгектенген. Үй-бүлөдө 14 бир туугандын улуусу.  "Лягушка прыгает" дегенден башканы түшүнбөгөн   Света эже  студенттик жылдары, таң атпай апийим кырган, пахта терген айыл чарба жумуштары турмушка бышырганын айтат.  Комсомолдо иштеп жүргөндөгү жоопкерчилик, уй фермаларда өткөргөн күндөр, мектептеги жылдардагы кызыктуу окуялар, түйшүктүү иш  жана жеке турмушу тууралуу кызыктуу маек куруп берди. 

    • 21 min

Top Podcasts In Education

The Mel Robbins Podcast
Mel Robbins
The Jordan B. Peterson Podcast
Dr. Jordan B. Peterson
Mick Unplugged
Mick Hunt
Coffee Break Spanish
Coffee Break Languages
Do The Work
Do The Work
TED Talks Daily
TED