Соңку жаңылыктар

ЭЕ/АҮ

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

  1. 4 DAYS AGO

    Кечки радио эфир | 06.11.2025 | Кыргызстан алгачкы мамлекеттик криптовалюта - стейблкоин чыгарды

    Кыргызстанда атамекендик биринчи криптовалюта - USDKG деп аталган алгачкы стейблкоин чыгарылды. Криптовалютаны Финансы рыногун көзөмөлдөө жана тескөө кызматы каттады. Мекеменин сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, стейблкоиндин жалгыз негиздөөчүсү - Финансы министрлиги, эмитенти - "Виртуалдуу активдердин эмитенти" акционердик коому. Анын жалгыз акционери Кыргызстандын Финансы министрлиги болуп саналат. USDKG - Кыргызстандын тарыхындагы алгачкы санарип актив. Анын курсу сомго байланган, каржылоо Финансы министрлиги тарабынан жүргүзүлөт. Долбоор санарип экономиканы өнүктүрүү жана эл аралык эсептешүүлөрдүн мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган. Маалыматка ылайык, Кыргызстан Борбор Азияда биринчилерден болуп өзүнүн санарип активин чыгарган өлкө болуп калды. USDKG активи алтын жана АКШ доллары менен камсыздалган. Буга чейин президент Садыр Жапаров улуттук стейблкоинди чыгарууну тездетүүнү жана санарип сомду тестирлөө тапшырмасын берген. Криптовалюта бул – блокчейн технологияларынын негизинде иштелип чыккан жана интернетте гана жүгүртүлгөн санариптик акчанын жалпы аталышы.

    30 min
  2. 2 NOV

    Жаңылыктар | 02.11.2025 | Президент Жапаров уулунун "Берекет банкка" негиздөөчү болгону тууралуу маалымат берди

    Президент Садыр Жапаров жаңы ачылган “Берекет банк” жана ага уулу Нурдөөлөт Нургожоевдин негиздөөчүлөрдүн бири болгону тууралуу 2-ноябрда “Кабар” агенттигине курган маегинде маалымат берди. Жаңы санарип банк ачуу сунушун Binance компаниясынын кожоюну Чанпен Чжао бергенин, президент аны мамлекеттик кылып ачууну сунуштаганда Чжао ага макул болбогонун айткан. “Марат Султановду мурдагы банкир катары чакырып, уюштуруу иштерин жүргүзүүнү сурандым. Чанпен Чжао менен Марат Абдразакович Нурдөөлөт да кирсин деп суранышты. Ары ойлонуп, бери ойлонуп анан мамлекеттин бир тыйын тиешеси жок болгондон кийин мейли деп уруксат бердим. Алар менен аралашып, тажрыйба топтой берсин дедим. Мамлекеттик иштерге киришпей жеке иштери менен алек болгондору жакшы эмеспи”, - деди Садыр Жапаров. Президент жаңы ачылган “Берекет банкка” башка да негиздөөчүлөр кошуларын, банк көбүнчө виртуалдык активдер жана санарип валюталар менен иш алып барарын тактады.

    30 min

About

Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.

More From Radio Free Europe / Radio Liberty