
Кечки радио эфир | 27.10.2025 | Трамп Борбор Азиянын лидерлерин Вашингтонго чакырды
АКШнын президенти Дональд Трамп Борбор Азия өлкөлөрүнүн лидерлерин 6-ноябрда Вашингтондо өтө турган “АКШ-Борбор Азия” (С5+1) саммитине чакырды. Бул тууралуу Казакстандын президентинин басма сөз кызматы кабарлады. Ага Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын, Өзбекстандын жана Түркмөнстандын мамлекет башчылары чакырылганы айтылды. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун басма сөз кызматы чакыруу тууралуу азырынча комментарий бере элек.
정보
- 프로그램
- 주기매일 업데이트
- 발행일2025년 10월 27일 오후 3:17 UTC
- 길이30분
- 등급전체 연령 사용가