
250 episodes

Соңку жаңылыктар ЭЕ/АҮ
-
- News
Кыргызстанда жана дүйнөдө эмне болуп жатат? Күндөлүк жаңылыктар жана орчундуу окуялар.
-
Кечки радио берүү | 28.01.2023 | Садыр Жапаровдун алты убадасы - Январь 28, 2023
"Азаттык" президенттин алты убадасын алып, алар канчалык орундалганын талдап көрдү.
-
Кечки радио эфир | 27.01.2023 | Кыргыз-өзбек чек ара маселесине чекит коюлду - Январь 27, 2023
Өзбек президенти Мирзиёевдин Кыргызстанга сапарында 24 документ кабыл алынды. Президенттер чек араны тактоону “тарыхый окуя” деп аташты. Ал арада Кемпир-Абад ишине байланыштуу камакка алынган активист Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголду. Кыргызстандык Аян Алишеров Украинада каза болду.
-
Кечки радио эфир | 26.01.2023 | ОСАГО: Айып пул төлөө мөөнөтү жылды - Январь 26, 2023
Автоунааларын милдеттүү камсыздандыруудан өткөрбөгөн айдоочуларга айып салуунун мөөнөтү жылдырылары айтылды. Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга мамлекеттик сапары башталууда. “Азаттыктын” сайтынын жана банк эсебинин бөгөттөлүшүнө каршы соттук арыздар каралууда.
-
Кечки радио эфир | 25.01.2023 | Өкмөт "Энергохолдинг" жоюларын билдирди - Январь 25, 2023
Кемпир-Абад иши боюнча кармалып, камакта отурган активист Атай Бейшенбекке дагы үч кылмыш иши козголгону белгилүү болду. Кыргыз өкмөтү жакын арада "Улуттук энергохолдингди" жойгону жатканын жарыялады. Бир катар Европа өлкөлөрү Украинага кошумча курал-жарак берүүгө макул болушту.
-
Кечки радио эфир | 24.01.2023 | Педофилди кастрациялоо сунушу биринчи окууда колдоо тапты - Январь 24, 2023
Ондогон медиа уюм “Азаттыкка” каршы доо арызды соттон чакыртып алууну талап кылды. Педофилди хирургиялык операция жолу менен кастрациялоо сунушу биринчи окууда колдоо тапты. Чүйдүн Москва райондук сотунда төкмө акын Болот Назаровдун иши кыскарып, ал эркиндикке чыкты.
-
Кечки радио эфир | 23.01.2023 | Өкмөт ышка каршы планын сунуштады - Январь 23, 2023
Кыргыз бийлигинин "Азаттыкты" жабуу аракети коомчулукта өкмөткө карата сын-пикирлерди жаратууда. Өкмөт Бишкектеги ыш маселесин чечүү боюнча планын сунуштады. Украинадагы соңку кырдаал. Баткенде жазуучу Мурзапар Үсөн 75 жаш курагында дүйнө салды.