Соңку жаңылыктар

Жаңылыктар | 11.10.2025 | Жогорку Кеңешти шайлоо: 90 депутаттан 34ү кайрадан аттанды

Кыргызстанда парламентке мөөнөтүнөн мурда шайлоого талапкер болуп катышуу ниетин билдирип Борбордук шайлоо комиссиясына (БШК) арызын бергендердин саны бир апта ичинде 185 кишини түздү. Алардын арасында, 10-октябрдагы эсеп боюнча, Жогорку Кеңештин өзүн өзү таркаткан соңку курамында депутат болгон 34 саясатчы бар. Бардыгы шайлоого катышууга арызын өзүн өзү көрсөткөн талапкер катары тапшырышкан. Тизме улам жаңыланууда. Мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо 30-ноябрга белгиленген.