Соңку жаңылыктар

Жаңылыктар | 14.10.2025 | Володин "кара тизмедеги" 770 миң мигрант Орусиядан чыгарыларын билдирди

Дүйшөмбүдө Орусиянын Мамлекеттик думасынын спикери Вячеслав Володин өлкөнүн аймагынан 770 миң мигрант чыгып кетүүгө тийиш экенин билдирди. Бул тууралуу Мамдуманын расмий сайтында жарыяланды. Володин бир ай мурун көзөмөл реестринде турган чет элдик жарандарга мыйзамдашууга берилген мөөнөт аяктаганын билдирип, ага үлгүрбөгөн жарандар өлкөдөн чыгып кетүүгө милдеттүү экенин белгиледи.