Би-Би-Си дүрбүсүндө

“Батышка каршы интеграция”. БРИКСтин күчү жана мүдөөсү

22-24-октябрда Россиянын Казань шаарында БРИКСтин саммити өтөт. Бул экономикалык бирикмеге тогуз өлкө кирет: Бразилия, Россия, Индия, КЭР, Түштүк Африка, БАЭ, Иран, Египет, Эфиопия. 2024-жылы жаңы өлкөлөр кошулганда, бирикме БРИКС+ деп аталып калды.