Бүгүн бизде кызыктуу маек, коногубуз Улук Батыргалиев Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолуктун Альянсында консультант жана тең-тренери. 🩺 Сексуалдык Репродуктивдик ден-соолук деген эмне? 🩺 Темабызды улантуудабыз, “эгер сен өзүндүн ден-соолугуна кам көрсөң, анда өзүңө кайдыгер болбо...” деген ураан менен биз кантип эң биринчи нерсеге көңүл бурушубуз керек? 🩺 Баарына кызык болгон, канча жаштан баштап, репродуктивдик ден-соолукка кам көрүүбүздү башташыбыз керек, же кичинекей чагыбыздан башташыбыз керекпи? 🩺 Эгер сексуалдык репродуктивдик ден-соолугубуз биз үчүн маанилүү болсо, кам көрүүнү эмнеден башташыбыз керек? 🩺 Кандай текшерүүдөн өтүп турушубуз керек? 🩺Жана башка керектүү суроолорго жооп аласыздар. ☝🏻😃 Эки Дарыгер подкастынын 4-сезону Бириккен Улуттар Уюмунун ВИЧ жана СПИД боюнча Бириккен Программасы (ЮНЭЙДС) менен биргеликте даярдалган. 🎧☝🏻 Подкастты ТОЛУГУ менен биздин YouTube /Эки дарыгер/ каналыбыздан уга аласыздар. Шилтеме биздин баракчабыздын башкы бетинде☝🏻😃
Information
- Show
- PublishedMarch 13, 2021 at 12:52 PM UTC
- Length30 min
- Season4
- Episode5
- RatingClean