«Эсимде. Подкасттын» бүгүнкү коногу — Кыргыз эл жазуучусу, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси Арслан Капай уулу Койчиев.
📌 Арслан Капай уулу Койчиев — кыргыз тарыхчысы, жазуучусу, журналисти жана публицисти. «Мисмилдирик», «Бакшы менен Чыңгыс хан», «Айта бар менин кебимди» сыяктуу бир катар элге кеңири таанымал чыгармалардын автору. «Азаттык» үналгысынын кабарчысы (1994—1996), Би-Би-Си Кыргыз кызматынын продюсери (1986—2010), 1985—1991—жж. Кыргызстандагы коомдук-демократиялык кыймылдардын жигердүү катышуучусу.
Изилдөөчү, тарыхчы Гүлзат Алагөз менен болгон маекте Арслан агай балалыгы, билими, эгемендик алдына туш келген студенттик кези, жазуучулугу, ошондой эле учурда Президенттин кеңешчиси катары аткарып жаткан иштери тууралуу бөлүштү.
📌 Бул жакта айтылган пикирлер сөзсүз эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын расмий көз карашын чагылдырбайт.
***
Тарткан жана монтаждаган: Bobby Studio
Музыкасы: Veccen — Эсимде
Анимациясы: Тамчы Тасма
#esimde
Información
- Programa
- FrecuenciaCada semana
- Publicado18 de marzo de 2025, 6:00 p.m. UTC
- Temporada1
- Episodio6