Жакында биз Инстаграмда сынак өткөргөн элек, анда катталуучулардан киберкуугунтук тууралуу окуяларын калтырууну суранганбыз. Чынын айтсам, биз бир-эки эле окуя болот деп күткөнбүз, анткени тема татаал. Бирок киберкуугунтук бардык жерде бар экени жана ага көптөгөн адамдар дуушар болгону маалым болду. Сынак постунун астында көптөгөн күчтүү окуялар топтолду, биз аларды жөн гана комментарий катары калтырууга болбойт деп, подкасттын жаңы чыгарылышын жазууну чечтик. Эгерде сиз киберкуугунтуктун канчалык көп кырдуу экенин билгиңиз келсе, анда бул эпизодду угушуңуз керек. Социалдык тармактардагы ызы-чуудан тартып, коркутууга чейинки окуялар бул жерде.
Бул материал @soroskyrgyzstan колдоосу менен ишке ашырылып жаткан #cанарипукуктар долбоорунун алкагында @idea_ca тарабынан түзүлдү.
資訊
- 節目
- 發佈時間2021年9月21日 上午9:38 [UTC]
- 長度22 分鐘
- 年齡分級兒少適宜