Кажы-Кужу

Контентчи

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.

  1. #60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

    16/09/2022

    #60 Музыка жаратуу жана кесипкөйлүк

    Мазмуну 0:06 Жаныбек Мукаштан подкаст башы 0:25 Дастан Биримкулов. Кесиби жана өзү жөнүндө. 1:22 Музыка дуйнөсү, адамдар музыканы эмне себептен үйрөнүүсү керек? Музыка адам баласына эмнеге керектелет? Классикалык музыканын мааниси жана таасири? 6:50 Кыргызстандык музыкант кантип өз потенциалын колдонуп каражат тапса болот? Монетизация жасоонун жолдору, түрлөрү. 12:23 Бишкек шаарында музыканттар эмне себептен көчөгө өз алдынча чыгып эл астында ойношпойт? Жакшы идеянын жарыяланышы. 19:49 Техникалык кыйынчылыктардын башка дагы кандай кыйынчылыктар бар? Жаш курагы ортолоп калган адамдар музыкалык аспаптарын үйрөнүү мүмкүнбү? Кандай талаптар бар? 22:13 Кыргыз музыкалык аспаптары канча түргө бөлүнөт? 23:51 Дастан мырзадан угармандарга эки кеп сөз. 25:18 Жакын арада пландалып жаткан концерттер тууралуу. Жергиликтүү автордук музыканы колдоо көйгөйү. Таланттуу жергиликтүү композиторлордун ийгилиги эмнеден көз каранды? 30:34 Кыргыз искусство адамдарынын жеке портфолио түзүү темасы. Колдонулуп жана кетирип жиберген мүмкүнчүлүктөр, контент жаратуу, жеке бренд түзүүдө маркетингдин орду. 45:20 Элдин музыка маданиятына болгон көз карашынын европалыктар менен кыргыздардын айырмачылыгы эмне себептен келип чыккан? 50:18 Подкасттын соңу.

    51min
  2. #59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары

    08/09/2022

    #59 "Чөйрөнүн" келечектеги кадамдары

    Мазмуну 0:12 Азамат Токтакуновдон саламдашуу 2:16 Тааныштыруу. Махабат Садырбек 3:33 Чөйрөнү жасоодо бир нече этаптардан кийин, универсалдуу бир платформа жасоо аракетинин жыйынтыгы кандай болду? Чөйрөнүн азыркы варианты кандай? 06:54 Тааныштыруу. Азамат Жаманкулов 07:34 Келечек Дижитал командасында иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрөнүн идеясына кандайча ишенип кошулуп калдыңар? Бишкекте Чөйрөнүн идеялары кандай кабыл алынып жатат 12:23 Тааныштыруу. Гулира Калыкова 12:50 Стамбулда туруп иштер кандай жүрүп жатат? Чөйрө платформасы иштерди кандай алып барып жатат? 16:59 Тааныштыруу. Мээрим Абдрахман кызы. 17:20 Чөйрөчүлөрдүн долбоорлордогу ички процесстери кандай жүрүп жатат? Өз тажрыйба таржымалы кандай? 24:33 Азамат Токтакуновдун Чөйрө платформасын жасап, иштетүүдөгү тажрыйбасы. Чөйрөнүн келечеги кандай болуш керек? Чөйрөнү ким үчүн жасап жатабыз? Чөйрөнү өнүктүрүүдө кайсы нукка бурулуусу керек? 35:15 Чөйрө платформасын жаңы кошула турган жаратмандарга кантип жеткире алабыз? Эл арасына кандай кадамдар менен жайылта алабыз? Ушул жолдогу кийинки кадамдарыбыз кандай болуусу керек? 35:35 Чөйрө платформасы бул жеңил, көңүл ачуучу жер эмес, тескерисинче оор салмактуу, иштөөнү каалаган жана иштеп жаткан жаратмандар болгон жер. 49:32 Кызыктуу маек, кызыктуу подкасттын соңу.

    50min
  3. #58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

    02/09/2022

    #58 IT аркылуу мекендештердин жашоосун өзгөрткөн замандаштар 

    Мазмуну 0:08 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Жер жүзүнүн төрт бурчунан коноктор менен ITнин келечеги, кандай иштер жасалды жана дагы кандай иштер болот? Келечек, Чырак долбоорлору бүтүп, кандай жыйынтыктар болду? 1:17 Тааныштыруу. Сейитбек Усманов 2:12 Getforce буткемптин идеясы кайдан келип чыккан? Кандай жыйынтыктар болду? Азыр кандай иштеп жатат жана кийинки пландар кандай? 4:56 Getforceтун пландары тууралуу кененирэээк маалымат. Дагы башка идеялар жана долбоорлор тураалуу? Бакыт Абдишов, Али Токтакунов менен коллаборациялар эмне жонундо? 8:39 IT окутуу идеясы кандайча келип чыкты? 9:14 Тааныштыруу. Бакыт Абдишов 10:07 Сейитбек Усманов жана Тимур Моун менен таанышуу. Келечек долбоорунун идеясынын жаралуусу. Келечек долбоорунан жыйынтыктар. 14:54 Тааныштыруу. Тимур Моун 15:40 Келечек, Чырак, IT классика долбоорлорунан кийин азыр, келечекте кандай иштер пландалып жатат? 26:10 Чөйрө долбоорунун иштери. Чөйрөчүлөр жана долбоорлор. Эми кандай иштерди жасоо мүмкүн? Долбоорлорду ишке ашыруудагы көйгөйлөр жана чечүү жолдору? 32:58 Айдана Омурбаеванын Tech talk каналынын кыргызстандыктарга болгон пайдасы, ютуб видеолорунун салымы чоң болду. Дүйнөнүнүн төрт бурчунан менторлордун жардамы кыргызстандыктардын жашоосунун өзгөрүүсүнө салымы чоң. Маалымат таратуунун пайдасы. 40:32 Жылдыз академиясынын кийинки пландары кандай? Дагы бекер IT окутуу долбоорлору болобу? 52:13 IT темасы тууралуу эң эле ачык подкасттын соңу.

    55min
  4. #57 Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

    26/08/2022

    #57 Германиядагы уюмдар жана алардын кызматташтыгы

    Мазмуну 0:05 Азамат Токтакуновдон кириш сөз. Германияда кыргыздарга уюм түзүү кереги барбы? Германияда кыргыздардын 16 уюму бар, уюмдар кандай иш алып барат жана алардын максаттары кандай? 0:58 Тааныштыруу. Гүлмайрам Чигдем. 1:33 Жаңы түзүлгөн “Мурас” кыргыз-казак-герман уюму жана ал кандай иш алып барат? Уюмдун максаттары кандай? 6:55 Кыргыз-Герман ИТ уюму. 7:35 Тааныштыруу. Эркин Карымшак. 8:12 Кыргыз-Герман ИТ уюму кандай максатта түзүлдү? Дагы бир уюм түзүү кереги бар беле? Кандай долбоорлор жасалып жатат? Башка уюмдардан айырмасы кандай? 13:20 Кыргыз Гамбург уюму. 13:39 Тааныштыруу. Адилет Шаршекеев. 14:09 Кыргыз Гамбург уюму түзүлөбү? Азыркы статусу кандай? Уюмдун тарыхы кандай? 17:24 Уюмдардын мындан кийинки максаттары кандай? Кандай көйгөйлөр бар, сүйлөшүүлөр болуп жатабы? Уюм жетекчиси катары кандай максаттарды коюп жатасыздар? Жаңы келген кыргыздардын максаттары, көйгөйлөрү кандай? 30:46 Иш боюнча келген кыргыздарга алдын ала маалымат беруу көйгөйү? Уюм жетекчилеринин федерация түзүлүүсүнө ой-пикириңиздер кандай? 44:20 Позитивдүү нотада подкасттын соңу.

    46min
  5. 18/08/2022

    #56 Европадагы кыргыздардын конфедерациясын түзүү демилгеси

    Мазмуну 0:05 Жаңы сезон. Азамат Токтакуновдон кириш сөз 1:05 Тааныштыруу. Азамат Исмаилов 2:15 Европада федерация, конфедерация түзүү идеясы кайдан жана кимден келип чыкты? Федерация түзүүгө кандай себептер бар? 5:43 Тааныштыруу. Нуран Мукаш 6:40 Федерация түзүүнүн кереги барбы? Европадагы кыргыздар федерацияга биригүүгө даярбы? 11:22 Тааныштыруу. Махабат Садырбек 13:33 Федерация кантип ишке ашырылышы керек? Кандай тексттер жазылышы керек? Федерацияны түзүүдө негизи эмнелер кажет? 15:55 Чөйрө платформасынын түзүүлүшү, жана дагы кандай потенциал бар? 17:54 Эмне себептен диаспора эмес, федерация термини? Конфедерациянын башкаруу системасы, каражат жагы кандай болот? Меморандум бул кандай болгон макулдашуу, жана кимдердин арасында? Амбициясы чоң лидерлерди бириктирүү оңойбу? Конфедерациянын иш алпаруу жолдору. Уюмдардын конфедерация ичиндеги укуктары. 27:30 Федерация терминин талкуулоо. Диаспора термининин орду жана мааниси. Уюмдарды каттоо тартиби. Меморандумдун түзүлүшү. Конфедерацияга расмий офис даярдыгы. 33:30 Нейтралдуу Чөйрө платформасынын мүмкүнчүлүктөрү. Федерация түзүүдө Чөйрө платформасынын пайдасы, келечектеги потенциалдары. 38:41 Жыйынтыктоо.

    39min
  6. 14/04/2022

    #55 Миграциядагы айымдар жана мигранттардын көйгөйлөрү, мигранттардын кабылган суроолору, учурдагы мигранттарга мүмкүнчүлүктөр тууралуу

    Бүгүн бизде конокто 10 жылдан бери Малайзияда жашап, эмгектенген Айгүл Акималиева болду. МоМ менен келишимдин негизиндеги акыркы подкаст жана бул подкастта миграциядагы айымдардын дээрлик жалпыланган көйгөйлөрү тууралуу сөз болду. Мазмуну 0:22 Таанышуу 2:45 Мигранттардын көйгөйлүү темалары. Үй-бүлө тууралуу, мигранттык жолунун башы Россияда. Мигранттар тууралуу жаңылыш түшүнүктөр. 6:36 Мигранттардын маалымат жетишсиздигинен тарткан кыйынчылыктар. Укуктарын билбегендиктен тарткан кыргыз жарандардын кыйынчылыктары да, көбүнесе маалыматтын жоктугунан келип чыгат. Аялдардын тарткан кыйынчылыктары, жана аялзатына чакыруу. 10:45 Адамдардын ишенчээктиги, андан келип чыккан ситуациялар. 12:22 Жеке тажрыйба тууралуу жана азыркы Кыргызстандагы акыбалга көз караш. Жаштар тууралуу ою. Билимге чакыруу. 15:22 Автордон “Келечек”, “Чырак” долбоорлору тууралуу, азыркы замандын кыз-келиндеринин билимге, ITге болгон умтулуусу тууралуу маалымат. 18:40 Экспорт жана импорт тууралуу кеп кеңештер. Кыргызстандагы аш-заттардын чет жердеги заттар менен айырмачылыгы. 21:05 МоМ менен келишимдин негизинде жаздырылган подкасттарда көп маалымат топтолду. 22:25 Акыркы сөз, чакырыктар жана кеңештер, подкасттын соңу.

    27min
  7. #54 Нагима Аскарбек. Public policy, улуттук баалуулуктар, адамдын шыгы жана кесип тандоо, Кока-Кола кантип анализдейт?

    08/04/2022

    #54 Нагима Аскарбек. Public policy, улуттук баалуулуктар, адамдын шыгы жана кесип тандоо, Кока-Кола кантип анализдейт?

    Бүгүн бизде конокто коомду изилдөө жаатында эмгектенип жүргөн Нагима Абдылдаева. Коомдогу көрүнүштөр, фактылар жана өзгөрүүлөрду изилдөөлөргө байланыштуу аткарылып жаткан иш-аракеттер жана ар тараптуу темада маек. Мазмуну 0:06 Таанышуу. Билим таржымалы. 3:35 Public policy изилдөө. 2010-жылкы өткөн парламенттик шайлоодо байкоочу тажрыйбасы. Шайлоодогу окуялар. 14:10 Изилдөө боюнча кеңири маалымат, Public policy форматы. Изилдөөлөрдүн форматына жараша маалымат топтоонун түрлөрү. Фокс группалар менен сурамжылоо жүргүзүү. 23:19 Интервью, эксперттер менен жолугушуу. Сурамжылоонун сапатын жакшыртуу үчүн планшет колдонуу. 36:40 Чек арадагы жүктөрдү каттоо боюнча изилдөө жана кыйынчылыктар, жүктөрдү текшерү ыкмалары. 57:33 Оймо жана сайма саюу, кыргызчылык жөнүндө кеңири, ишенич жана ишеним, билим тууралуу. 1:16:13 Чоң атасынын айткандары, улуттук баалуулуктар, дин тууралуу жана башка ойлор. Бала чактагы окуялар. Коомго болгон туура көз караш. Мазардагы шайыктар, алдамчылык окуялары.

    3h56min
  8. 31/03/2022

    #53 Екатеринбургдагы Кыргызстан-Урал кыргыз диаспорасынын жетекчиси менен диаспоралар тууралуу маек.

    Бүгүн бизде конокто учурда Екатеринбург шаарында түзүлгөн кыргыз диаспоралдык коомдук уюмунун жетекчиси Гульшан Долонбаева. Екатеринбург шаарындагы кыргыз диаспорасынын ролу жана жетишкендиктери, жарандардын ар кандай көйгөйлөрүн чечүүдөгү аткарылып жаткан иш-аракеттер тууралуу маек. Мазмуну 0:06 Таанышуу 1:06 Кесиптик өмүр баяны. Екатуринбург шаары, андагы Кыргыз диаспоралык коомдук уюм тууралуу. 2:11 Диаспора боюнча кыскача түшүнүк. Диаспоралардын ар кандай саясий курал катары колдонулуп жаткандыгы жөнүндө. 4:40 Жарандардын диаспоранын жүргүзгөн кызматы тууралуу маалыматынын жоктугу, коомго, диаспорага тийгизген салымы, милдеттери тууралуу билбегендиги. 10:30 Россия Федерациясында кыргыз диаспоралары биргелешип бир чоң күчкө айланса, жергиликтүү бийликтин алдында оорду чоң болоору тууралуу ойлор. 12:50 Дүйнө жүзүндөгү кыргыз диаспоралары биригип илим-билим, маданият, саламаттыкты сактоо же гуманитардык багытта иш чараларды алып кетсе болоору тууралуу ой пикири. 14:19 Диаспоранын ичиндеги ар түрдүү градациядагы адамдар, Россиядагы мигранттар менен Европа, Америкадагы мигрантардын айырмачылыгы. 16:12 Россияда кыргыз диаспоралык коомдук уюмдардын көйгөйлөрү жана аларды чечүүдөө иштеп жаткан коомдук активистерге ыраазычылык. 19:50 Кыргыз диаспорасы Россия Федерациясынын мыйзамдарынын негизинде иш алып барат. Кыргызстан-Урал диаспорасынын тарыхы, коомдук уюмду түптөгөн активистер жөнүндө. 22:10 Диаспоранын максаты улуттук аң-сезимди сактап калуу, кыргыз маданиятын, тилин, үрп адаттарын кийинки муунга өткөрүп берүү. 26:14 Алгачкы жолу миграциядагы аялдардын орду, жүзү тууралуу 2019-жылы эл аралык конференция өткөрүү демилгесин көтөрүшү. 28:22 Демилге колдоого алынып, ошол жердеги жергиликтүү бийликти, кыргызстандыктарды миграциядагы аялдардын көйгөйлөрүнө көңүл бурдуруусу. 29:20 Россиядагы ишкер айымдардын көйгөйлөрүн чечүүдө жасалып жаткан иш чаралар. 36:20 Россияда болуп жаткан окуялар тез арада бүтүп, жакшы нукка түшүп, ааламда тынчтык болсун деген ой тилек менен маек аяктады.

    42min

Sobre

«Кажы-Кужу» – кыргыз тилдүү эң алгачкы подкаст. Анын демөөрчүлөрү жана жаратуучулары – Германиядан Азамат Токтакунов жана Кыргызстандан Жаныбек Мукашов. Эки жаратман бул подкастка ар кайсыл чөйрөдөн кызыктуу инсандарды конокко чакырып, алар менен жашоо, кесип жана хобби тууралуу маек курушат. Бул чакан долбоордун негизги максаты кыргыз тилинде сапаттуу маалыматтарды көбөйтүп жана жайылтып, эл арасындагы коммуникацияны тереңдетүүгө багытталган.