
37 episodes

Аялзат - Азаттык үналгысы ЭЕ/АҮ
-
- News
Аялдардын укуктарын, коомдогу ролун жана дүйнөнү өзгөртүүгө кошкон салымын аялдар өздөрү талкуулашат.
-
Түркия: саламаттыгынан айрылган мигрант келиндер - Июль 26, 2022
Түркияда иштеген кыргызстандык кыз-келиндердин арасында саламаттыгынан айрылып, жардам сурагандар бар. Оор жумуштун, автокырсыктын айынан майып болгон аялдар чет жерде каражатка муктаж. Аларга мекендештери жана ыктыярчылар кол сунуп, айрымдары мекенди көздөй бет алганга умтулууда.
-
Сексуалдык ыдык көргөн кыздардын муңу - Май 13, 2022
Блогер Назира Айтбекова сексуалдык ыдык көрүп, зордукталганын айткан ондогон кыздардын катын жарыялады. Анда кыздар үйдө, коомдук жайларда жакындары, чоочун адамдар, кесиптештери тийишип, жүрөгүндө так калганын жазган.
-
Күйөөдөн көргөн кордук - Май 10, 2022
Чүйдүн Панфилов районунда динчил күйөөсүнөн кордук көргөнүн айткан келин Бишкекте башкалкалап жатат. Сот ага күйөөсүнөн 7 гектар жер, бир саан уй бөлдүрүп берген. Ортодо мыйзамдуу никеге турбагандыктан, укугун коргоодо да кыйынчылыктар жаралган. Жолдошу анын үстүнө 16 жолу үйлөнгөнү тууралуу маалыматтар бар. “Аялзат” подкастында ушул темага кайрылабыз.
-
Кыз-келиндердин жумушта бузулган укугу - Апрель 04, 2022
Кыргызстанда эмгек укуктарын билбегендиктен көптөгөн жарандар жабыр тартат. Иш берүүчү жана кызматкерлердин укуктары жана милдеттери кандай? Алардын сакталышына ким жоопкер? "Аялзат" подкастында ушул темадагы талкууну сунуштайбыз.
-
Кожойкелердин үйдөгү көрүнбөгөн мээнети - Март 14, 2022
Кыргызстанда аялдар үй жумуштарына эркектерге караганда үч эсе көп убакыт сарптайт. Үй кожойкелеринин көрүнбөгөн эмгеги жана "үйдө отуруу" деген сөздүн артындагы мээнет тууралуу "Аялзат" подкастында кеп салабыз.
-
“Билим сапаты төмөн жерде аял кор болот” - Март 08, 2022
Кыргызстанда билим берүүнүн деңгээли жогоруламайынча кыз-келиндердин каржылык абалы жакшырбайт жана гендердик теңдин маселеси көйгөй бойдон кала берет. Мындай пикирин илимпоз Дилбар Чокоева айтты. Ал “Аялзат” подкастында аялдардын коомдук-саясий турмуштагы ролу тууралуу ой бөлүштү.